Карысы бардын ырысы бар!
Тарыхы
Алгач мындай майрамды белгилөө 1970-жылы жер калкынын картю маселесин изилдеген адистердин оюна келген. Бирок Эл аралык статусту 1990-жылы ээ болгон. 1990-жылдын 14-декабрында БУУнун генералдык ассамблеясы өзүнүн 45/106 резолюциясында « 1-октябрь эл аралык карылар күнү » деп токтом кылган. Токтомдун максаты : карылардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.
Алгач бул датаны Европада, андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аягында бүт дүйөн белгилей баштаган. 1-октябрь күнү көптөгөн өлкөлөрдө түрдүү фестивалдар, майрамдар, акциялар жүрөт. Мунун баары улгайган адамдардын укуктарын коргоо, аларга көмөк көрсөтүү үчүн жасалат. Өкмөттүк эмес уюмдар ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп, радио жана теле берүүлөрдө карылардын көйгөйлөрүн чагылдырышат.
Айтып коюуу керек, жыл сайын бул иш-чарага БУУ тарабынан белгилүү бир тема белгиленет. БУУнун маалыматы боюнча дүйнө калкынын курамы өзгөрүп кеткен, 1950-2010-жылдар ичинде жалпы жашоонун узактыгы 46 жаштан 68 жашка узарган, жана келечекте бул көрсөткүч 81 жашты түзөт деген божомолдор бар. Учурда дүйнөдө 60 жаштан ашкан адамдардын орточо саны 900 миллион болуп, 2050-жылы 2 миллиардга жетиши мүмкүн, башкача айтканда дүйнө калкынын 20%. Анын үстүнө адистердин божомолуна ишенсек 2050-жылы 60тан ашкан адамдардын саны балдардан ашып кетет экен.
Мунун баары кары адамдардын көйгөйлөрүнө, муктаждыктарына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы чыгат. Андан тышкары улгайган адамдар коомго маанилүү моралдык, этикалык оң таасирин тийгизет эмеспи. Албетте, эгер карыларга тиешелүү шарттар түзүлсө. Мунун негизинде адам укуктары маанилүү ролду ойнойт.
Өкмөттүн, өлкөнүн, жарандардын, ар бир адамдын жардамы менен карылар көйгөйүнө көңүл бурсак, адамдар узак жашабастан, алардын жашоосун сапаттуу, толук кандуу, бакыт алып келе тургандай болот. Айтылгандар ар бир адамга тиешелүү, анткени ар бирибиз улгаябыз .
Турмушта ар түрдүү жагдайлар, тагдырлар кездешет.Ата-энесин бакпай карылар үйүнө жеткиргендерди ата-энесине муздак мамиле жасап жаткандарын сын алгыдан, чыгармалардан окуп, көрүп, күбө болуп жүрөсүңөр. Анда эмесе акын Болуш Керимбаевдин “Таш боорлор кандай немесиң?” деген чыгармасына токтоло кетели:
Ээндеп айдап кемесин,
Элимдин укпай жемесин.
Каарыптар кайрым жайына,
Жеткирди кызы энесин!
Алкаган ыйман батасын,
Агарткан кирсиз жакасын.
Карыптар кайрым жайына,
Жеткирди жигит атасын .
Комментарии