«Кыргыз деп келип дүйнөгө, кыргыз деп кетем дүйнөдөн»
“Тил – бул ар бир элдин каны-жаны, тил анын тажрыйбасынын, дүйнө таануусунун, маданиятынын, тарыхынын ашташуусу, акырында, тил – улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси”, – деп залкар жазуучубуз Ч.Айтматов таасын айткан эмеспи.
Эненин сүтү менен келип, каныбызга сиңип, жүрөгүбүзгө уюп, көөдөнүбүздө бышып, көмөкөйүбүздөн куюлушуп чыгып турган эне тилибиздин эртеңи үчүн ар бирибиз кызмат кылууга милдеттүүбүз. Тилибизди мындан ары өнүктүрүү, колдонуу чөйрөсүн, анын ичинде ал эне тили болуп эсептелбеген адамдар арасында кеңейтүү, жарандарды бир максаттын – коомду турукташтыруу жана өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттүүлүктү чыңдоонун тегерегинде бириктирүүгө мүмкүндүк берет
Мамлекеттик тил саясаты – мамлекеттик саясаттын ажырагыс, болгондо да эң маанилүү бөлүгү. Мына ушул майданда сиздер менен чогуу кызматташып, мамлекеттик тилибиздин чыныгы мамлекеттик мартабага ээ болуусуна салым кошуп, сапарлаш болуп келебиз! Тарыхый окуяларды кучагына камтыган жылдардын ичинде тил жаатында көп иштер жасалды, жасала турганы андан көп. “Тилдин ээси – эл”, – деп залкар жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков белгилегендей, жалпы элдик аракет, жалпы элдик бир тилекке бириккен улуттук мүдөө гана тилибиздин иштешине, коомдук турмушка аралашуусуна өбөлгө түзөт.
Комментарии