«Түбөлүккө желбирей бер, кыргызымдын желеги»
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу
Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.
Авторлук жамаат:Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
Туудагы түстөр жана символикалык белгилер
Ак түс – акыйкаттыктын, айкөлдүктүн, адилеттиктин, жакшылыктын, кечиримдүүлүктүн, тазалыктын символу. «Манас» эпосунда Манас атабыздын ичи да, тышы да ак түс менен сыпатталат (ак пейил, ак жүрөк, ак көӊүл, Ак кула, ак олпок, ак келте, ак шумкар, ак кементай ж.б.) Элибизде ыйыктык «ак» деген сөз менен туюнтулат (Жараткандын бир аты – Ак, ак – эненин сүтү, ак – ыйык азык, ак бата – ыйык бата ж.б.).
Көк түс – ай-ааламдын, асмандын, чексиздиктин, күчтүүлүктүн, кайраттуулуктун, эрктүүлүктүн, тайманбастыктын символу. Көк Теӊирге (көккө) сыйынуу – элибиздин рухий ишенимдеринин туу чокусу. Ак-көктү айра таануу – акыл-эске толуу, турмушту түшүнүү ж.б.
Кызыл түс – бийликти, жеӊишти, кубаттуулукту, берекени, бакубаттыкты, салтанатты сыпаттаган түс. Хан көтөрүлгөндө ага арнап атайы кызыл кийим тигишкен.
Күн – өмүрдү, түбөлүктүүлүктү, мээримдүүлүктү, айкөлдүктү, күнөстүүөлкөбүздү, илим-билимди, бейпилдикти, теӊчиликти, жылуулукту туюнтат. Тарыхый булактарда Гунндар (Күн балдары) – кыргыздын түпкү аталары делет.
Кырк нур – кыргыз этнонимин (кырк+гуз), кыргыз элин түзгөн кырк урууну туюнтат. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун туюнткан кыргыз оюму менен берилген.
Түндүк – көчмөн маданиятын, өз алдынчалыкты, ынтымак-биримдикти, өнүгүп-өсүүнү, ата салтын, эне адебин, үй-бүлөнү туюнткан символ. Түндүк – Кыргызстандын визиттик карточкасы, ата-бабадан мурастап алган мөөр-тамгасы. Ал эч бир өлкөнүн символунда жок, уникалдуу, ыйык таберик. Күн түндүктөн чачыраган 40 нур 40 уук катары да элестелип, алар бир түндүктүн айланасына баш кошуп, бир түндүктү – Кыргызстанды – көтөрүп турган көп улуттуу калктарды да элестетет.
Философиялык мааниде түндүк – «төгөрөктүн төрт бурчу» деген ой-туюмун чагылтып, ааламдын, жер шарынын, адамзаттын, коомдун бүтүндүгүн, мезгил менен мейкиндиктин ажырагыс биримдигин сыпаттап турат. Айлана – башы-аягы жок мезгилди, ашташкан чамгарактар – дүйнөнүн төрт тарабын туюнтат.
Ааламдын куту – Күн. Адамдын куту – Түндүк. Аалам адамга түндүк аркылуу кут тартуулайт. Күнтүндүктүн символикасы – Жараткан ар дайым Жарандарга ырайымдуу болуп, нурун төгүп, Жарандар ар убак Жаратканды эстеп, жадынан чыгарбай жүрсүн деген үмүт-тилектин белгиси.
Ч.Айтматов жазгандай, кыйыр-чеги жок кеӊ ааламдын койнунда, булуттуу көктүн астында, булаӊгыр жердин үстүндөөзгөрүлбөс, оошпос, бузулбас, жешилбес, сынбас, бүлүнбөс эч нерсе жок. Жасалган нерсенин баары сынып, кайра жасалат, кайра сынып, кайра жасалат. Ай-ааламда түбөлүк турган аз гана нерсе бар.
Төбөдөгү Күн түбөлүктүү. Күндү жандап, күн менен ай ортосунда каалгый тынымсыз сапар чеккен Жер түбөлүктүү. Күн менен жерди койнуна батырып, алмуздактан аман алып келаткан Көк түбөлүктүү. Ушулардын маани-маӊызына жетип, кадыр-касиетин туя билген адам түбөлүктүү. Мамлекеттик желекте мына ушундай улуу идеяларды камтыган символдор чагылдырылган.
Көрүнүп тургандай, мамлекеттик желектеги түстөр жана белгилер – элибиздин улуттук рухий дүйнө таанымынан, тарыхый басып өткөн жолунан, эстетикалык көркөм татымынан келип жаралган символдор. Алардын мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу бул дөөлөттөрдүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын жана элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү карагандыгын көрсөтөт.
Желек – адамдын руху сыяктуу нарктуу, дили сыяктуу таза, жүзү сыяктуу көркөм болушу керек. Ал санжыраны, эпосту, тарыхый чындыкты жуурулуштуруп, калайык калкты ынтымакка, биримдикке чакырып, көзгө сүйкүмдүү көрүнүп, сыймыктантып турган рухий жана материалдык ыйык таберик болууга тийиш.
Ал уруктун, уруунун, канаттын, аймактын эмес, улуттук мамлекеттүүлүктүн символу болгондуктан, андагы ар бир элемент, түс, символ өлкөнүн жарандарын жерине, тегине, динине, тилине, улутуна бөлбөй, бүткүл элди баш коштуруп, аларды ушул өлкөнүн жараны экендигине сыймыктантып турушу керек. Мындай руханий улуу сабак «Манас» дастанында таасын чагылдырылган: ар түрлүү уруулар биригип, бир элди түзөт, ар башка элдин уулдары (Манас менен Алмамбет) эмчектеш бир туугандар болот ж.б.
Мамлекеттик желек бардык мамлекеттик мекеме, уюмдарда, ар бир айыл өкмөтүндө, райондук, шаардык, областтык мамлекеттик администрацияларда, министрликтер менен ведомстволордо, Парламенттин жана Өкмөт үйүнүн имараттарында көтөрүлүп турат. Ал өлкөнүн Борбордук аянтында, бардык областтардын жана райондордун борбордук аянттарында көтөрүлүп турат. Өкмөт башчысынын Жардыгы менен атайын Мамлекеттик желектин күнү белгиленген
Комментарии