«Эр жигит эл четинде, жоо бетинде «
Бул күндүн таржымалынан
23-февраль тууралуу тарыхчылар арасында мындай пикир бар: кокусунан белгиленип калган дата.
Ушул күнү Троцкий биринчи жолу фронтко келген деген версия айтылып жүргөнү менен бул чындыкка жатпайт дейт тарыхчылар.
Чынында 1919-жылы 10-январда Жогорку аскердик инспекциянын жетекчиси Николай Подвойский 28-январда Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясын түзүү боюнча жарыяланган декреттин бир жылдыгын белгилөө сунушун жолдойт. Бул тууралуу анын Борбордук Аткаруу комитетине жолдогон каты бюрократиялык алешемдиктен улам өз учурунда каралбай калган.
Кийин аны аскер бөлүктөрү үчүн азык-түлүк жана керектүү буюм-тайымдарды жыйнаган датага — «Кызыл белектер күнү» белгилөөнү чечишет. Бул 1918-жылдын 17-февралда өткөн экен. Ал эми 1919-жылы бул күн жумушчу күнгө туура келип калып, иш-чараны жакынкы дем алышка жылдырышат. Жекшемби 23-февраль болгон.
Андан кийин үч жыл катары менен бул датаны эч ким эстеген эмес. 1922-жылы январда Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын түзүлгөн күнүн майрамдоону чечип, 23-февраль деген датаны тандап алышкан.
1933-жылы Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын 15 жылдыгын белгилеп жаткан салтанатта нарком Климент Ворошилов: «Кызыл Армиянын түзүлгөн күнү 23-февралда белгиленип калганын кокустук болгонун, тарыхый дата менен дал келбесин» моюнуна алган экен. Бирок андан кийинки ондогон жылдарда муну эч ким тактап, баш оорутуп олтурган эмес.
Комментарии