«15-cентябрь Билим күнү» салтанаттуу ачылыш
Адатта жыл сайын 1-сентябрь билим күнү болуп саналып келсе, быйылкы 2021-2022-окуу жылынан тарта 15-сентябрь «Билим күнү» болоору Билим берүү министирлигинен кабарланды. бүгүн мектептин босогосу балдарга ачылып салтанатту линейка биздин академик Арстанбек Мурзалиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде дагы өткөрүлдү. Окуучулардын мектепке жык толуп келгени баардыгыбызды кубандырып турду.
Билим күнү бул — бардык окуучулардын, студенттердин, алардын ата-энелеринин, мугалимдердин жана окутуучулардын майрамы.
Бирок салтка ылайык бул күнү башкалардан өзгөчө майрамдык маанайды мектепке биринчи кадам шилтеп жаткандар сезишет. Башкача айтканда биринчи класска жана биринчи курска кирип жаткандар үчүн бул күн аларга жаңы жашоонун башталышы болуп, 15-сентябрь алар үчүн абдан маанилүү жана эсте калаар күн.
Мектебим мен чоңойгон алтын уям,
Азыр мен мээримиңе батып турам.
Өстүрдүң тарбиялап кичинемден,
Андыктан миң ийилип таазим кылам.
Күз келип айлананын шаңын берди,
1-коңгуроо майрамы да кирип келди.
Алтын уя мектепке кадам таштап.
Окуучулар билим алчу кезек келди.
Комментарии